Ислам шериктештиги оюндары. Мээрим Жуманазарова, Жоламан Шаршенбеков, Амантур Исмаилов жана Акжол Махмудов финалга чыкты

Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында Мээрим Жуманазарова, Жоламан Шаршенбеков, Амантур Исмаилов жана Акжол Махмудов финалга чыгышты.

Жуманазарова тайпалык баскычта 3 беттеш өткөрүп, Бангладеш, Түркия жана Өзбекстандын спортчуларын жеңди. Жарым финалда Түркмөнстандын өкүлүн 11:0 эсебинде жеңип алды. Финалда Жуманазарова казакстандык Мадина Бакбергенова менен беттешет.

Грек-рим күрөшү боюнча мелдеште Жоламан Шаршенбеков (60 килограммга чейин) финалга чыкты. Алгач Өзбекстандын спортчусун жеңсе, жарым финалда Ирандын спортчусун 5:1 эсебинде утуп алды.

Амантур Исмаилов (67 кг чейин) жарым финалда өзбекстандык спортчуну жеңип, финалга чыкты.

Балбан Акжол Махмудов (77 кг чейин) да финалга чыкты. Алгач Түркиядан барган атаандашын жеңип, жарым финалда Өзбекстандын спортчусун 7:5 эсебинде жеңип алды. Финалдык беттештер бүгүн саат 20:30да болот.