Ислам шериктештиги оюндарында Калидин Асикеев күмүш медаль тагынды

Кыргызстандык Калидин Асикеев Түркияда өтүп жаткан Ислам шериктештик оюндарында күмүш медаль тагынды. Ал 12-августта грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 82 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.

Асикеев чейрек финалда өзбекстандык балбанды жеңип, жарым финалда иорданиялык балбандан күчтүү болду. Финалдык беттеште анын атаандашы азербайжандык Рифат Гусейнов болду. Асикеев андан жеңилип, күмүш байгеге ээ болду.