Ислам шериктештик оюндары. Бекдөөлөт Расулбеков коло медаль жеңди

АРХИВ

Кыргызстандык спортчу Бекдөөлөт Расулбеков Түркияда өтүп жаткан Ислам шериктештик оюндарында коло медаль тагынды. Ал 15-августта оор атлетика боюнча турнирде 102 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.

Жулкуп көтөрүүдө Расулбеков 163 килограммды экинчи аракетинде гана көтөрө алса, үчүнчүсүндө 169 килограммды көтөрдү. Бул дисциплинада мелдештин жыйынтыгы боюнча ал лидерден 8 килограмм артта калып, 4-орунду ээледи. Түртүп көтөрүүдө кыргызстандык биринчи аракетте 209 килограммды көтөрсө, экинчисинде 216 килограмм салмактагы штанганы көтөрө алды. Акыркы аракетинде Расулбеков 221 килограммдык салмакты көтөрө алган жок.