Кечээ, 15-июнда грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Асан Жанышов Азия чемпиону болду.
Спортчу 82 килограмм салмак даражасында күч сынашып, 1/8 финалда казакстандык балбанды 5:4 эсебинде жеңген. Чейрек финалда индиялык балбан менен кез келип, 4:0 эсебинде утту. Жарым финалда түркмөнстандык спортчуну 8:0 эсебинде артта калтырды. Ал эми алтын медаль үчүн болгон беттеште өзбекстандык Аброрбек Мамировду жеңип, 1-орунду ээледи.
Күрөш боюнча Азия чемпионаты 10-июнда старт алган. Алгач 17 жашка чейинки балбандар арасында өттү. 15-18-июнь күндөрү 23 жашка чейинкилер арасында болот.
Кечээ, 22-декабрда Бишкек шаарындагы “Жаштык” кичи аренасында чоңдор арасында грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатынын ачылышы болду. Иш-чаранын жүрүшүндө Хорватияда...
Кечээ, 22-декабрда грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатынын алкагында 55, 63, 72, 82 жана 97 килограмм салмак категориялары боюнча мелдештер...
Бишкек шаарында 13-14-декабрь күндөрү президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн “Мурас” футболдук турнири жыйынтыкталды. Анда биринчи орунду "Аймактар" командасы ээлеп, 400...
Бишкек шаарында Садыр Жапаровдун катышуусунда 13-14-декабрда өтүүчү футбол боюнча "Мурас" мелдеши башталды. Мамлекет башчысы бардыгын турнирдин башталышы менен куттуктап, эң...
Бириккен Араб Эмирлигинде өтүп жаткан бокс боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчу Омар Ливаза финалга чыкты. Ал алгач Өзбекстандык Саят Ильясовду...