Кечээ, 19-апрелде Улан-Батордо (Монголия) башталган күрөш боюнча Азия чемпиондугунда 60 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Жоламан Шаршенбеков финалга чыкты.
Ал казакстандык спортчу Ернур Фидахметовду 6:1 эсебинде жеңди.
Белгилей кетсек, бүгүн дагы бир нече кыргызстандык спортчулар мелдешти баштады. Үзүр Жузупбеков чемпиондуктун жарым финалына чейин жетип, Элдияр Сатаров, Калидин Асыкеев жана Адилхан Нурланбеков алгачкы беттештерде жеңилип калышты.