«Бул оюндарга көп даярдандык. Агайларыма терең ыраазычылыгымды билдиргим келет» деди маалымат жыйында Азиянын чемпиону Жоламан Шаршенбеков.
«Буга чейин эки жолу финалга чыгып, экинчи болуп калгам. Мунусунда чемпиондукту алдым»,- деди ал.
Кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков спорттук карьерасында биринчи жолу күрөш боюнча Азия чемпиондугунда алтын тагынган. Анын финалдык беттештеги атаандашы ирандык спортчу болду. Аны 4:0 эсебинде жеңип алган.