Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпиондугунда чейрек финалга чыкты

Грек-рим күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Сербияда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты.

Спортчу 60 килограмм салмак ченинде беттешет. Жоламан Шаршенбеков алгач 1/8 финалдан баштап, венгриялык Кристиан Кечкеметини 8:0 эсебинде жеңип чейрек финалга чыкты. 1/4 финалда спортчу АКШнын спортчусу Илдар Хафизов менен беттешет.