Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпиондугунда финалга чыкты

Кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда финалга чыкты.

Ал грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 60 килограммга чейинки салмак ченинде катышууда. Кыргызстандык Венгрия жана АКШнын спортчуларын эки жолу жеңип, жарым финалга жолдомо алды. Финалга чыгуу үчүн күрөштө Шаршенбеков казакстандык Айдос Султангали менен беттешип, аны жеңип алды.

13-сентябрда финалда Кеничиро Фумита (Япония) — Эдмонд Армен Назарян (Болгария) жубунун жеңүүчүсү менен беттешет.