Жолдошбек Көлбаев Дзюдо федерациясынын президенти кызматынан кетти

Жолдошбек Көлбаев Кыргыз Республикасынын Дзюдо боюнча улуттук федерациясынын президенти кызматынан кетти. Бул тууралуу аталган федерациядан билдиришти.

«Дзюдо федерациясынын башкаруу комитети 6-мартта аталган федерациянын президенти Колбаев Жолдошбек Асанбековичтин өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу арызын карап чыгып, суранычын канааттандыруу жөнүндө чечим кабыл алды», — деп айтылат маалыматта.

Отставкага кетүү арызы 6-мартта кабыл алынган. Жолдошбек Көлбаев 2016-жылы декабрда дзюдо федерациясынын президенти болуп шайланып, 2020-жылдын декабрында бул кызматка кайра шайланган.