17 жаштагы кыргызстандык футболист Эмир Хан Кыдыршаев туулган жерине каникулга келди. Бирок машыгуусун токтотпостон, өз алдынча машыгууда. Бүгүн өтүүчү Кыргызстан менен Тажикстандын футболдук беттешине көрүүчү катары катышат.
Эмир Хан Кыдыршаев «Барселона» клубу менен келишим түзүп, жаштар командасынын курамына кабыл алынган.