Камчыбек Ташиевдин уулу «Барселона» клубунун жаштар курамында машыга баштады

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Эмирхан Кыдыршаев «Барселона» клубунун жаштар курамында машыга баштады. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

«Эмирхан Кыдыршаев расмий түрдө жаштар командасынын курамында дүйнөгө белгилүү «Барселона» клубунда машыга баштады. Кыргыз футбол союзу 17 жаштагы спортчуну куттуктайт. Бул Кыргызстандын атактуу футбол клубу менен жакындашуусуна мүмкүнчүлүк берет жана Дүйнөлүк футбол жылдыздарынын тажрыйбасына таянуу менен республикадагы футбол салттарын алга жылдырууга жана жакшыртууга жардам берет», — деп жазылат маалыматта.