«Реал Мадриддин» жетекчилиги команданын башкы машыктыруучусун дайындады. 61 жаштагы италиялык Карло Анчелотти падышалык клубга кайтты. Машыктыруучу клуб менен алдыңкы 3 сезонго келишим түздү. Бул тууралуу маалымат клубдун сайтына жарыяланды.
«Реал Мадриддин» буга чейинки машыктыруучусу Зинедин Зидан ушул жылдын май айынын аягында ордун бошоткон. Ал эми анын ордуна Анчелоттиден тышкары, Маурисио Почеттино, Антонио Конте, Массимилиано Аллегри талапкер катары каралган.
Анчелотти буга чейин 2013-2015-жылдары «Реал Мадридде» машыктыруучу болуп иштеген.