Кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча курама команда I КМШ Оюндарында 10 медаль жеңди. Жалпы 10 комплект медалдан ойнотулду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттиктен маалымдашты.
Кыздар арасында 55 килограмм салмактык категорияда Калмира Билимбек кызы алтын медалга, Марсбек кызы Назира (62 килограмм) жана Нураида Анаркулова (59 килограмм) күмүш медалга ээ болушту. Ошондой эле Бермет Нурдин кызы (57 килограмм), Нурзат Нуртаева (72 килограмм) жана Назик Мирлан кызы (50 килограмм) КМШ Оюндарынын коло байгесинин ээси аталышты.
Эркин күрөш боюнча 57 килограмм салмактык даражада Алмаз Сманбеков жана Икромжон Хаджимурадов (65 килограмм) күмүш медаль тагынышты. Мындан сырткары Тайырбек Жумашбек уулу ( 61 килограмм), Нуртилек Карыпбаев (86 килограмм) жана Айбек Токтогул уулу ( 70 килограмм) коло байгеге ээ болушту.
Спортчулар башкы машыктыруучулар Үсөнаалы Рыскулов, Сүймөнкул Таабалды уулу жана Исламбек Тазабековдун жетекчилиги алдында чыкты.