Көк бөрүнүн 1-бөлүгү аяктады. «Ынтымак» 2 : «Сары Өзөн» 0

Бүгүн, 21-мартта Бишкектеги «Аккула» ат майданында көк бөрү боюнча мелдештин Жогорку Лиганын финалы өтүп жатат. Беттеш «Ынтымак» жана «Сары Өзөн» командаларынын ортосунда өтүүдө.

Учурда оюндун биринчи бөлүгү аяктады. Эсеп сандар боюнча «Ынтымак» алдыда. 2 упайды тең Нуржан Мелисбек уулу командасына алып берди. Тыныгуудан кийин оюн уланат.