Криштиану Роналду Сауд Арабиянын «Аль-Наср» клубуна өттү

Криштиану Роналду Сауд Арабиянын «Аль-Наср» клубуна өттү. Ал жакынкы эки жыл ичинде аталган клубда ойноп, ар бир жылы үчүн 200 миллион евродон алат. Бул тууралуу дүйнөлүк басыллмалар жазышты.

Криштиану Роналду буга чейин «Спортинг», «Манчестер Юнайтед», «Реал» жана «Ювентус» клубдарында ойногон. Катарда өткөн Дүйнөлүк чемпионатта ал Португалиянын курама командасында бир гол киргизди. Анын командасы турнирдин жарым чейрек финалына чейин жетип, Мароккого утулуп калган. Криштиану беш Дүйнөлүк чемпионатта гол киргизген жалгыз футболчу.