Курманкул Зулушев Көк бөрү федерациясынын президенти болуп шайланды

Бүгүн, 19-апрелде көк бөрү федерациясынын кезексиз жыйыны өттү. Анда Рамис Жунусалиев кызматынан кетип, ордуна эл аралык Көк бөрү ассоциациясынын президенти Курманкул Зулушев шайланды. Бул тууралуу федерациядан маалымдашты.

Аламан улак, жер улак Көк бөрү федерациясынын алдына лига болуп кирип, жетекчилери шайланды. Рамис Жунусалиев вице-президент болуп шайланды.

17-октябрда федерациянын конференциясы Бишкекте өтүп, катышуучулар жетекчисин алмаштырышкан. Мурдагы президент Талас Бегалиев өткөн жылдын март айында дайындалган болчу. Ал жыйында эки жылдык ишинин отчётун берип, өз каалоосу менен кызматынан кетерин билдирген. Талас Бегалиевди ак боз ат мингизип, сыйлоо жөрөлгөсү менен узатышкан. Анын ордуна ошол кезде вице-президент болуп иштеп жаткан Рамис Жунусалиев жетекчи болуп шайланган.