Кыргызстан менен Тайбэй беттеши. Кай Мерктин өзгөчө голунун видеосу

Кечээ, 21-март күнү Кыргызстандын улуттук курамасы 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун квалификациялык раунду алкагында кытайлык Тайбэй менен оюнда кез келди. Беттеш Гаосюн шаарынын «Наньцзы» стадионунда өттү.

Оюндун биринчи бөлүгүндө эки команда тең эсеп сандарын ача алышкан жок. Калыстар беттешке кошумча 1 мүнөт беришти, бирок ал эч нерсени өзгөртө алган жок.

Экинчи бөлүктүн 52-мүнөтүндө Кыргызстандын оюнчусун каршылашы кулатып, пенальти жаралды. Топту Валерий Кичин тээп, алгачкы голду жаратты. 79-мүнөттө Кыргызстандын курамасы 2-голун киргизди. Анын автору Кай Мерк болуп калды. Оюн 2:0 эсебинде Кыргызстандын жеңиши менен аяктады.

Бул оюнда дал Кай Мерктин голу өзгөчө болду, анткени ал топту өз дарбазасынан алган каршылаштын дарбазасына киргизгенге атаандаштарын алдап, топту бербей барган.