Бүгүн, 15-июнда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы өтө турган дүйнө биринчилигине тандап алуу оюндарынын алкагында Япониянын футболчулары менен күч сынашууда. Оюн Япониянын Сюита шаарында өтүп жатат.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Япониянын командасынан дагы эки гол өткөрүп жиберди. Алар 31 жана 33-мүнөттөрдө киргизилди. Кыргызстандыктар беттештин 27-мүнөтүндө биринчи голду пенальтиде өткөрүп жиберишкен.