Бүгүн, 7-ноябрда Бишкекке спорттук күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпиондугуна катышкан Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын мүчөлөрү Айпери Медет кызы, Назира Марсбек кызы жана башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков келди. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чепиондугу 1-ноябрда Белград шаарында (Сербия) старт алган. Анда Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиону аталды.