Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Азия кубогуна чыкты

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2023-жылы өтүүчү Азия кубогуна чыкты. 

Бул күндөрү алты өлкөдө турнирдин үчүнчү тандоо туру өтүп жатат. Анын жыйынтыгы менен Азия кубогуна 11 жолдомо ойнотулат. Финалдык турга 6 тайпанын жеңүүчүлөрү, ошондой эле тайпаларда 2 орунду алган 5 мыкты команда чыгат.

Кыргызстандын курама командасынын катышуусунда “F” тайпасынын квалификациялык таймаштары Бишкекте Тажикстан, Мьянма жана Сингапур курама командаларынын катышуусунда өтүүдө. Ошол эле учурда Монголияда «А» тайпасындагы оюндар өтүп жатат. Ал жакта тайпадагы 1-орун үчүн оюндар аягына чыкты. Палестинанын футболчулары Филиппиндин спортчуларын жеңип, 1-орунга ээ болушкан. Филиппин 2-орунга ээ болду. Муну менен Кыргызстандын курамасы 6 упай менен ишенимдүү түрдө Азия кубогуна жолдомо алат. Ага Тажикстандын курамасы менен беттешүү таасир этпейт.