UFC’нин мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди. Бүгүн, 3-августта «Манас» аэропортунда аны EFC 38 турнирин уюштуруу комитетинин өкүлдөрү тосуп алышты.
Нурмагомедов Кыргызстанга анын командасына кирген Зубайра Тухугов, Имар Нурмагомедов жана Усман Нурмагомедов менен келген.
Хабиб Нурмагомедов 3-августта Чолпон-Ата ипподромунда өтө турган Eagle Fighting Championship (EFC 38) аралаш мушташ боюнча турниринин ардактуу коногу болот. Турнир саат 17: 00дө башталат.










