Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Раззак Бейшекеев Бишкек шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатыда (U23) 1-орунду ээледи.
Спортчу 67 килограммга чейинки салмак даражада беттешип, 1/8 финалдан баштаган. Алгач индиялык балбанды 10:7 эсебинде, андан кийин түркмөнстандыкты 6:1 эсебинде утуп жеңишке жетти. Жарым финалда тажикстандык спортчуну 4:1 эсебинде жеңди. Чечүүчү беттеште казакстандык Сырым Сарсенди утуп алтын медалга ээ болду.
Күрөш боюнча Азия чемпионаты 10-июнда старт алган. Алгач 17 жашка чейинки балбандар арасында өттү. 15-18-июнь күндөрү 23 жашка чейинкилер беттештер өтөт.