Дүйшөмбү, 13.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР СПОРТ

Күрөш боюнча Азия чемпионатынын ачылыш аземи болуп өттү

09:55 12.04.2024
0
Күрөш боюнча Азия чемпионатынын ачылыш аземи болуп өттү

Кечээ, 11-апрель күнү Бишкекте күрөштүн түрлөрү боюнча (эркин, кыз-келиндер жана грек-рим күрөшү) чоңдор арасындагы Азия чемпионатынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Азия-Бириккен күрөш дүйнөсүнүн президенти Даулет Турлыханов жана Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев катышты.

Мелдештер “Бишкек Арена” шаардык муз аянтчасында өтүүдө. Учурда 20 жакын мамлекеттин курама командалары күч сынашып жатат. Алар: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түштүк Корея, Кытай, Индия, Япония, Иран, Палестина, Ирак, Түндүк Корея, Монголия, Шри-Ланка, Ирак, Пакистан, Бахрейн жана Тажикстан. 11-12-апрель күндөрү эркин күрөш , 13-14-апрель кыз-келиндер арасында, 15-16-апрель грек-рим күрөшү боюнча беттештер өтөт.

“Спорттук күрөш – бул күчтү жана шамдагайлыкты сыноо гана эмес, өзүнүн жарашыктуулугу жана техникасы менен өзгөчөлөнүп турган тартип. Бул чемпионат чыныгы чемпиондорду аныктаган мыкты атлетикалык көндүмдөрдү, туруктуулукту жана күрөштөгү демди көрсөтүү үчүн аянтча болот. Азиянын эң мыкты спортчулары, анын ичинде өлкөбүздүн алдыңкы спортчулары “Азия чемпиону” ардактуу наамы жана алдыда Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн күч сынашат”, – деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы мамлекет башчысы спорттун бул түрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеп, биздин спортчулар жеңип алган беш лицензиянын төртөө күрөш боюнча экенин кошумчалады.

 

1 / 6
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Яков Чаплин Азия чемпионатынын коло медалын утту

Яков Чаплин Азия чемпионатынын коло медалын утту

Автор СЕРЕП МЕДИА
21:14 12.04.2026
0

Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында бүгүн, 12-апрелде эркин күрөш боюнча Яков Чаплин (92 кг чейин) коло медалдын...

Жакшылык Байташов Азия чемпионатынын коло медалын утту

Жакшылык Байташов Азия чемпионатынын коло медалын утту

Автор СЕРЕП МЕДИА
20:34 11.04.2026
0

Бүгүн, 11-апрелде Жакшылык Байташов эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын коло байге ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен...

Эрназар Акматалиев Азия чемпионатынын коло медалын утту

Эрназар Акматалиев Азия чемпионатынын коло медалын утту

Автор СЕРЕП МЕДИА
20:32 11.04.2026
0

Бүгүн, 11-апрелде Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында коло байге ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен...

Абдымалик Карачов Азия чемпионатынын коло медалын утту

Абдымалик Карачов Азия чемпионатынын коло медалын утту

Автор СЕРЕП МЕДИА
20:28 11.04.2026
0

Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында, бүгүн 11-апрелде эркин күрөш боюнча Абдымалик Карачов (57кг чейин) коло медалдын ээси...

Нурзат Нуртаева Азия чемпионатынын коло медалын жеңди

Нурзат Нуртаева Азия чемпионатынын коло медалын жеңди

Автор СЕРЕП МЕДИА
20:18 10.04.2026
0

10-апрелде Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатынын алкагында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча балбан Нурзат Нуртаева 3-орунду ээлеп, коло...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Президент менен жолугушуу: Кара-Суу базарынын иштеши негизги темалардын бири болду

Президент менен жолугушуу: Кара-Суу базарынын иштеши негизги темалардын бири болду

20:39 12.04.2026
Яков Чаплин Азия чемпионатынын коло медалын утту

Яков Чаплин Азия чемпионатынын коло медалын утту

21:14 12.04.2026
Яков Чаплин Азия чемпионатынын коло медалын утту

Яков Чаплин Азия чемпионатынын коло медалын утту

21:14 12.04.2026
Президент менен жолугушуу: Кара-Суу базарынын иштеши негизги темалардын бири болду

Президент менен жолугушуу: Кара-Суу базарынын иштеши негизги темалардын бири болду

20:39 12.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү