Кышкы Олимпиада оюндары. Кытай медалдардын саны боюнча алдыга чыкты (таблица)

Пекиндеги Кышкы Олимпиада оюндарында медалдык эсепте Кытай курамасы алдыга чыкты.

Оюндардын үчүнчү күнүндө — 7-февралда 9 комплект медаль ойнотулду. Ал күнү Кытайдын спортчулары эки алтын жана эки күмүш байгеге ээ болушту. Бул жыйынтык командага медалдык эсепте 1-орунга чыгууга мүмкүндүк берди.

Швециянын спортчуларында 3 алтын бар. Алдыңкы үчтүктө Орусиянын курамасы бар.