Abank july
SerepTV Logo

Кышкы Олимпиада оюндары. Кыргызстандык спортчу эртең Пекинге учуп кетет

Кышкы Олимпиада оюндары. Кыргызстандык спортчу эртең Пекинге учуп кетет

Кыргызстандык спортчу Максим Гордеев Кышкы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн 2-февралда Кытайга жөнөп кетет. Бул тууралуу журналисттерге Улуттук Олимпиада комитетинен маалымдашты.

Маалыматка караганда, спортчу жана анын машыктыруучусу Игорь Борисов ПЦР-тесттен өткөн. «Атайын тиркеме бар, ал аркылуу спортчулардын ПЦР-анализдерине акча төлөп, алардын жыйынтыгына көз салууга болот. Терс тест жетиштүү эмес, антителолордун болушу да зарыл. Биздин команданын мүчөлөрүндө антитело бар», - деди Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы.

Максим Гордеев 16-февралда тоо лыжасы боюнча мелдешке чыгат.