Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Дүйнө чемпионатына жана Эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу) окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатат. Окуу-машыгуу жыйыны 22-июнь күнү башталган, 14-июлга чейин уланат.
Курама команданын тизмеси:
— 62 килограмм Айсулуу Тыныбекова;
— 76 килограмм Айпери Медет кызы;
— 68 килограмм Мээрим Жуманазарова;
— 65 килограмм Дилназ Сазанова, Жаркынай Нурлан кызы;
— 72 килограмм Нурзат Нуртаева, Кайыргүль Шаршебаева;
— 57 килограмм Айдай Нуридинова, Айтолкун Медет кызы, Таңчолпон Кыбалбекова, Акылай Чыныбаева, Азиза Келдибекова, Бермет Нурдин кызы, Калмира Билимбекова;
— 69 килограмм Гульнур Таштанбекова, Элина Бакытова;
— 55 килограмм Арууке Кайыкбекова Албина Салымбекова;
— 59 килограмм Аяна Асаналиева;
— 48 килограмм Азема Калидинова;
— 50 килограмм Асема Төрөгелдиева;
— 53 килограмм Айжаркын Жаныбекова;
— Рысбек Максүтов спаринг-партнер;
— Икром Максат уулу спаринг партнер;
— Байгазы Кенжебаев улук машыктыруучу;
— Нурбек Изабеков башкы машыктыруучу.
Окуу-машыгуу жыйыны Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2023-жылга карата окуу-машыгуу жыйындарынын календардык планына ылайык өткөрүлүп жатат.