Месси ФИФАнын версиясы боюнча жылдын мыкты футболчусу аталды

ПСЖ жана Аргентина курамасынын чабуулчусу Лионель Месси ФИФАнын версиясы боюнча 2022-жылдын мыкты футболчусу деп табылды. Бул тууралуу «Чемпионат» жазды. 

Кечээ, 27-февралда Парижде ФИФАнын сыйлыктарын тапшыруу аземи өттү. Сыйлыкка Франция курамасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе жана «Реалдын» чабуулчусу Карим Бензема да талапкер болушкан.

«Бензема жана Килиан менен бирге ушундай тизмеге киргеним абдан сонун. Сыйлыкты алуу мен үчүн сыймык. Бул жерде болгон кесиптештериме, Скалони менен Мартинеске ыраазычылык билдиргим келет. Баарыңарга рахмат. Бул жыл мыкты жыл болду, анткени мен көпкө созулган оор күрөштөн кийин кыялымды орундата алдым», — деди ал.