Сауд Арабиянын күйөрмандары өлкөнүн Суперкубогунун плей-офф беттешинде Криштиану Роналдуну адаттан тыш кыйкырык менен тосушту. Бул тууралу Tengri Sport жазды.
Роналду ойногон “Аль-Наср” клубу беттеште 1:3 эсебинде утулуп, күйөрмандар Криштианунун аргентиналык атаандашы – Лионель Мессинин атын кыйкырып жатышты.
«Жакынкы Чыгышка чоң акчага көчүп баргандан бери падышадай мамиле жасалган Роналдуну атаандашы Мессинин атын кыйкырып тосуп алышты», — деп жазды Goal.
🔥 جماهير الاتحاد تردد باسم اللاعب ( ميسي ) لحظة دخول لاعب فريق النصر ( كريستيانو رونالدو )#الاتحاد_النصر pic.twitter.com/WnYSswNClu
— قصي نقادي (@Qusay_itfc) January 26, 2023