Кыргызстандык ММА мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу Москвада ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу журналис Игорь Лазорин Instagram баракчасында билдирди.
Бүгүн, 18-февралда кыргызстандык Eagle FC чемпиону наамы үчүн Расул Магомедов менен беттешиши керек болчу. «Менин билишимче, Бусурманкул Абдибаит уулу ооруканага жаткырылган, анын Eagle FC турниринде Расул Магомедовго каршы беттеши токтотулду. Бусурманкулдун ден соолугу салмактан арылуу учурунда абдан начарлап кеткен. Ооруканага жаткыруу чечими кабыл алынды. Азыр мушкер дагы эле ооруканада жана ал жерде жок дегенде бир жума калат», — деп жазды ал.