Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада комитети Пекинде боло турган Кышкы Олимпиада оюндарында Кыргыз курама командасынын расмий толук кийимдерин көрсөттү.
Маалыматка караганда, Жаңы жыл алдында президент менен жолугушууда профессионалдуу лыжа жабдуусун, анын ичинде белгилүү италиялык Vist компаниясынын экипировкасын каржылоо тууралуу өтүнүч айтылган. Лыжа спорту федерациясы керектүү экипировкасын жана дизайнды иштеп чыккан. 30-декабрда Олимпиада катышуучусу Максим Гордеев менен анын машыктыруучусу Игорь Борисовго парад жана жарышуулар үчүн 12 предметтен турган экипировкага буюртма берилип, сатып алынган. 17-январда Максим Гордеев үчүн профессионалдуу лыжа сатып алынды. Улуттук Олимпиада комитети улуттук жана олимпиадалык символика түшүрүлгөн калпак, төш белги, желекке да буюртма берди.
Бир күн мурун сунушталган биринчи комплект машыгуу учурунда кийилет, аны кытайлык Tectop компаниясы бекер берген.
Саламатсыздарбы.
Олимпиадалык формалардын дизайнын кимдер бекитишет?
Бул формаларды көрүп туруп дизайнерлер Кыргыз жараны эмес окшойт деген ой кетет.
Себеби сары түстүн ордуна биздин желектин кызыл түсүн койсо болбойт беле?
Көкүрөгүндөгү желек жакын эле барып карабаса көрүнбөйт окшойт.
Сары түс Украина жана башка бир топ өлкөлөрдүн желектеринде символ катары камтылган.
Айласыздан ой кетет биздин форманы Украиналыктар иштеп чыкканбы деп?
Рахмат.