«Мага эч ким ишенген эмес». Орусиянын чемпиону Самат Абдырахмановдун элди таасирленткен сөзү (видео)

26-июнь күнү Москва шаарында өткөн Hardcore Fighting Championship чемпиондугунда Hardcore FC лигасынын чемпиондук курун жеңген кыргызстандык мушкер Самат Абдырахмановдун коомчулукка кайрылуусу, патриоттук сөздөрү эл арасында алкоого арзыды.

«Эч качан, эч качан мен көп сүйлөгөн эмесмин. Аз сүйлөп, жыйынтык менен көрсөтөм дегем. Бүгүн сөз сүйлөөгө акым бардыр! Бир жарым жыл мурун арык, узун бала келип өзүнөн 10-15 килограмм оор салмактагыларды жеңип коёруна эч ким ишенген эмес. Башынан бери мен чыныгы кыргыздын духун көрсөтөм деп айтып келгем. Мына эми 7 беттештен кийин мен аны жасадым!

Кыргыз деген ким өзү?
Айбаты курч ташты жарат мүнөзү.
Жүрөгүндө жанып турган оту бар.
Кыргыз эли, чагылгандын бир өзү.
Майдаланбай улуу жолун баштаган.
Душман келсе дайра болуп каптаган.
Өлүмдөн да бийик койгон намысты.
Мен кыргызмын деп дүйнө элине мактанам!» — деп жазылат анын сөзүндө.