Орозобек Токтомамбетов эл аралык рейтингдик турнирдин чемпиону

Ушул күндөрү Бишкекте спорттук күрөш боюнча эл аралык рейтингдик мелдеш болууда. Бүгүн, 4-июнда эркин күрөштүн өкүлдөрү медалдар үчүн ат салышып жатат.
70 килограммдык ченде кыргызстандык балбан Орозобек Токтомамбетов кыл чайнашкан беттеште Сырбаз Талгатты 3:2 эсебинде тизе бүктүрүп, чемпион болду.
Мындан мурун Алмаз Сманбеков, Тайырбек Жумашбек уулу алтын, Алибек Осмонов, Бекзат Алмаз уулу күмүш медаль тагынса, Эрназар Акматалиев, Абдымалик Карачов жана Икромжон Хаджимурадов коло байгеге ээ болду.