Орусиянын футбол боюнча курамасы Борбор Азия чемпиондугуна катышуудан баш тартканы айтылды

Орусиянын футбол боюнча курама командасы Борбор Азия ассоциациясынын чемпиондугуна катышуудан баш тартты. Бул тууралуу championat.com сайты билдирет.

«Турнирге катышпоо чечими улуттук курама команданын машыктыруучулар штабы менен болгон ички талкуудан кийин кабыл алынган. Бул турнирдин убактысына байланыштуу, ички мелдештерге, анын ичинде Орусия Федерациясынын Кубогунун суперфиналына дал келүүдө», — деп белгиледи Орусиянын футбол союзу.

Биринчи CAFA чемпионаты 2023-жылдын 9-июнунан 21-июнуна чейин өтөт. Ага Иран, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Ооганстандын командалары чыгышы керек.