Күрөш боюнча Орусия курама командасынын машыктыруучулар штабы Дүйнөлүк чемпионаттын жарым финалдык беттешинде орусиялык спортчу Ханум Велиева менен Мээрим Жуманазарованын калыстарына нааразычылык билдиришмекчи. Бул тууралуу ТАСС жазып чыкты.
Беттеш кечээ, 6-октябрда болуп, анда Велиева Жуманазаровадан жеңилип калган. «Биз каршылык көрсөтөбүз. Одоно ката кетти. Таблодогу көрсөтмө боюнча Велиева финалга чыгышы керек болчу. Эстүү жана жоопкерчиликтүү адамдар калыстык кылышы керек болчу», — деди Орусиянын күрөш федерациясынын президенти Михаил Мамиашвили.
Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу 10-октябрда жыйынтыкталат.