Президент «Ак шумкарларды» жеңиши менен куттуктады (сүрөт)

Кечээ, 26-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун квалификациялык раундунун алкагында Кыргызстандын улуттук курамасы менен кытайлык Тайбэй курамасынын беттеши өттү. Беттеш 5:1 эсебинде Кыргыз курамасынын жеңиши менен аяктады.

Оюнду көрүүгө Кыргыз футбол союзунун президенти менен өлкө президенти барышты. Оюн аяктаган соң, өлкө башчы «Ак шумкарларды» жеңиши менен куттуктады.