«ПСЖ» клубу Лионель Мессинин кетип жатканын жарыялады

«Пари Сен-Жермен» футболдук клубу аргентиналык футболчу Лионель Мессинин кетип жатканын жарыялады. Бул тууралуу клубдун башкы машыктыруучусу Кристоф Галтье билдирди.

«Мен тарыхтагы мыкты футболчуну машыктырганыма сыймыктанам. 3-июндагы оюну анын акыркы беттеши болду», — деди ал.

Лионель Месси «Барселонадан» «ПСЖ» клубуна 2021-жылдын июль айында өткөн. Азырынча анын кайда барары белгисиз. Бирок буга чейин ЖМКларда Сауд Арабиянын «Аль-Хиляль» клубуна өтүүгө макул болгону жана алар жылына 400 миллион доллар төлөөгө даярдыгы жазылган.