Таркович: «Жигиттер биринчи голду гана эмес, бүт оюнду менин үй-бүлөмө арнашты»

Кечээ, 21-март күнү Кыргызстандын улуттук курамасы 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун квалификациялык раунду алкагында кытайлык Тайбэй менен оюнда кез келди. Беттеш Гаосюн шаарынын «Наньцзы» стадионунда өттү. Оюн 2:0 эсебинде Кыргызстандын жеңиши менен аяктады.

Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович оюн боюнча комментарий берди.

«Мен азыр чынында да эле оор күндөрдү башымдан кечирип жатам, бүгүн команда атам экөөбүзгө унутулгус бир ишарат жасады. Жигиттер биринчи голду гана эмес, бүт оюнду менин үй-бүлөмө арнашты. Мен бул команданын машыктыруучусу болгонума кубанычтамын. Биринчи кезекте, балдар өз мүнөзүн көрсөтүштү, анткени оюндун жарымынан көбүн аздыкта ойноп, ошол эле учурда жеңишке жетүү – бул жакшы көрсөткүч. Албетте, тактика маанилүү, бирок команда бүгүнкү оюндагыдай мүнөзгө ээ болбосо, эч кандай тактика жардам бербейт. Албетте, күйөрмандарга ыраазычылык билдиргим келет. Биз үйүбүздөн алыс жерде ойносок дагы, дайма колдоого ээ болобуз. Алар бүгүн команданы кубаттап турушту. Ушундай колдоого ээ болуу өтө чоң сыймык».

17-мартта Штефан Тарковичтин атасы көз жумган.