Кыргызстандык спортчу Абдылдабек Кекенов АКШда өткөн жиу-житсу боюнча дүйнөлүк турнирде эки категорияда чемпион аталды. Бул тууралуу спортчу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.
— Мен 30-31-июль күнү Калифорнияда өткөн «Jiu jitsu world league» дүйнөлүк турниринде эки категорияда беттешип, экөөндө тең утушка ээ болдум. Аталган эл аралык турнирге жалпы 3300 спортчу катышты», — дейт Кекенов.