Суучул Денис Петрашов АКШда өткөн мелдеште 1-орунду ээлеп, рекордду жаңылады

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Атлантада өткөн мелдеште биринчи орунду ээлеп, мелдештин рекордун жаңылады.

Сууда сүзүү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Денис Петрашов АКШнын Атланта шаарында өткөн сууда сүзүү боюнча мелдеште 1-орунду ээледи. Спортчу 200 метр брасс дистанциясын 1:50:51 аралыгында сүздү.

Бул көрсөткүч менен спортчу аталган мелдештин рекордун жаңылады. Белгилей кетсек, ACC League АКШнын университеттери арасында өтө турган чоң мелдештердин бири.