Суучул Денис Петрашов АКШда өткөн мелдеште 3-орунду ээлеп, рекордду жаңылады

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов АКШнын Миннеаполис штатында өткөн сууда сүзүү боюнча университеттер аралык мелдеште 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Спорт департаментинен билдиришти.

Ошондой эле конференциянын рекордун жаңылаган. Спортчу 100 метр брасс дистанциясында катышкан.
NCAAI 1-дивизиону — АКШнын университеттери арасында өтө турган чоң мелдештердин бири.