Суучул Денис Петрашов АКШда өткөн турнирде алтын медаль тагынды (видео)

Денис Петрашов Сан-Антониодо (АКШ) өткөн TYR Pro Swim Series турниринде алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Суу спорту федерациясы социалдык тармактарда билдирди.

Кыргызстандык 100 метр аралыкты брасс ыкмасы менен 59,83 секундада сүзүп өттү. Ал финалда аралыкты 1 мүнөткө жетпеген убакытта басып өткөн жалгыз катышуучу болуп калды. Экинчи орунду дүйнөнүн учурдагы чемпиону АКШдан келген Ник Финк (1 мүнөт 0,03 секунд) ээледи.