Сүйүнчү! Мээрим Жуманазарова финалга чыкты

5-август күнү жайкы Париж Олимпиадасында Мээрим Жуманазарова беттешин баштап, алгачкы атаандашы болгон монголиялык Делгермаа Энхсайханды 8:3 эсеби менен утту.

Чейрек финалдык беттеште Япониянын балбаны Ноноки Одзаки менен күч сынашып, аны жеңип, жарым финалга чыкты.

Жарым финалда нигериялык спортчу менен кез келди. Аны 3:1 эсебинде жеңип, финалга чыкты.