Abank july
SerepTV Logo

Тайырбек Жумашбек уулу алтын медалга, Абдумалик Карачев коло байгеге ээ болду

Тайырбек Жумашбек уулу алтын медалга, Абдумалик Карачев коло байгеге ээ болду
Бишкек шаарында өтүп жаткан грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы Дүйнөлүк рейтингдик мелдеште 61 килограмм салмак категориясында Кыргызстандан 1-орун үчүн күрөштө Тайырбек Жумашбек уулу алтын медаль, ал эми 3-орун үчүн күрөштө Абдумалик Карачев коло байгеге ээ болду.
Тайырбек Жумашбек уулу алгач индиялык балбан менен кез келип, атаандашынын жаракатынан улам жеңиш Тайырбек Жумашбек уулуна ыйгарылган. ¼ финалда түркиялык балбанды 5:4 эсебинде, жарым финалда индиялык балбанды 7:0 эсебинде жеңген. Ал эми чечүүчү беттеште грузиялык балбанды 8:2 эсебинде жеңип 1-орунду ээледи.
Ал эми ушул эле салмак категорияда Абдумалик Карачев финалда өзбекстандык балбан менен күч сынашып, коло байгеге ээ болду. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="184841,184842,184843,184844,184845,184846"]
SEREP MEDIA