26-октябрда Таласта башталган көк бөрү оюну боюнча чемпионат жыйынтыкталды.
Биринчи оюнда Чүй жана Нарын командалары беттешип, 7:0 эсебинде жеңишкее ээ болушту. Экинчи оюндун жыйынтыгында Талас жана Чүй чоңдор курама командалары беттешип, 4:4 эсебинде оюн жыйынтыкталып, буллит ыкмасында эсеп 3:1 болуп, жалпы эсеп 7:5 болду.
Биринчи орун (чоңдор) — Талас;
Экинчи орун (чоңдор) — Чүй;
Үчүнчү орун (чоңдор) — Ош.
Биринчи орун (жаштар) — Чүй;
Экинчи орун (жаштар) — Нарын;
Үчүнчү орун (жаштар) — Талас.
Мыкты оюнчу наамы (чоңдор) — Илис уулу Кушчубай (Талас);
Мыкты аргымак — Көк-Мончок (Чүй);
Мыкты оюнчу (жаштар) — Акбаржан уулу Калкаман (Чүй);
Мыкты аргымак (жаштар) — Арча-Тору (Нарын).
Посмотреть эту публикацию в Instagram