Тарыхтагы эң көп акча жумшалган чемпиондук. 2022-жылдагы Дүйнө чемпиондугу боюнча кызыктуу фактылар

Учурда Катарда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугу боюнча дүйнөлүк ЖМКлардан алынган кызыктуу фактылар.

Жакынкы Чыгыш өлкөсүндөгү алгачкы Дүйнөлүк чемпиондук

Катар Жакынкы Чыгышта Дүйнө чемпиондугун өткөргөн биринчи өлкө болду. Кошумчалай кетсек, Дүйнөлүк чемпионат Азияда экинчи жолу өтүп жатат. Бул биринчи жолу 2002-жылы Япония менен Түштүк Корея биргелешип дүйнөлүк чемпионатты уюштуруп, өткөргөндө болгон. Анда Бразилия финалда Германияны жеңип, дүйнө чемпиону болгон.

Кышында өткөн алгачкы чемпиондук

2022-жылкы Дүйнө чемпиондугу тарыхтагы биринчи кышкы Дүйнөлүк чемпиондук болду. Катарда жайкы температура +50 градуска чейин жетет. Мындай шартта кандайдыр бир глобалдык иш-чараны өткөрүү дээрлик мүмкүн эмес деп эсептелет. Ошондуктан чемпиондук кышка жылдырылган. 

Эң кичинекей кожоюн-өлкө

Катар географиялык жактан да, калкынын саны боюнча да Дүйнөлүк чемпионатты өткөргөн эң кичинекей өлкө болуп калды. Катар 11 миң чарчы километр аянтты ээлеген кичинекей өлкө.

Кондиционерленген стадиондор

Кышында да Катарда аба ырайы ысык болушу мүмкүн. Бул көйгөйдү чечүү үчүн инновациялык чечим иштелип чыккан. Дүйнөлүк чемпиондук биринчи жолу кондиционерленген стадиондордо өтүп жатат. Катардагы бардык 8 аренада кондиционер бар. Бул күйөрмандарга беттешти ыңгайлуу көрүүнү камсыздайт жана оюнчуларга талаада ойноого жетиштүү шарттарды түзөт. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, стадиондордо абанын температурасы 25 градустан жогору көтөрүлбөшү керек. 

Тарыхтагы эң кымбат дүйнөлүк чемпионат

Инфраструктурага, жаңы стадиондорду курууга жана эскилерин оңдоп-түзөөгө сарпталган акчаны кошуп, Дүйнөлүк чемпиондукту өткөрүү Катарга 220 миллиард долларга жакын чыгым келтирип, бул эң кымбатка айланды. Бул Бразилия 2014-жылы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатты өткөрүүгө сарптаган суммадан 14,6 эсе көп. Катар дагы 2030-жылкы Азия оюндарын өткөрүү укугун жеңип алды жана Дүйнөлүк чемпионат ийгиликтүү өтсө, 2036-жылкы Олимпиаданы өткөрүүгө талапкерлиги күтүлүүдө.

2022-жылдагы Дүйнө чемпионатынын эң кымбат командасы — Англия. Анын курамы 1,5 миллиард еврого бааланат.

Эң арзан курам Катарда — 14,9 миллион евро.

Дүйнө чемпиондугунун эң кымбат оюнчусу Килиан Мбаппе. Франция курама командасынын чабуулчусу 160 миллион еврого бааланган.

2022-жылдагы Дүйнө чемпиондугунун эң жаш оюнчусу Германиянын чабуулчусу Юсуф Мукоко. Немис спортчусу турнир башталардан бир күн мурун 18 жашка толду.

Эң кары оюнчу Мексиканын 40 жаштагы дарбазачысы Альфредо Талавера.