Эркин күрөш боюнча Кыргызстандык спортчу Айаал Лазарев Токиодогу Олимпиада оюндарында медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүгүн сактап калды.
Кыргызстандык спортчу оюнду 5-августта 125 килограммга чейинки салмак категориясында баштаган.
1/8 финалдык баскычта Лазарев америкалык Дэн Гейбл Стивенсон менен беттешип, ага 0:10 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утулуп калган. Америкалык чейрек финалда түрк Таху Акгүлдү жеңип, жарым финалда монгол балбандан күчтүү болгон. Мунун аркасында Лазарев жубатуучу турнирде коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Лазарев коло медаль үчүн эртең, 6-августта Түркиянын спортчусу менен беттешет.






