Кыргызстандык спортчу Атабек Азисбеков Токиодогу Олимпиада оюндарында медалсыз калды. Ал кечээ, 3-августта грек-рим күрөшү боюнча 87 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашып баштаган.
Азисбеков биринчи беттешин дүйнөлүк рейтингде 1-орунда турган венгриялык Виктор Лоринцге каршы өткөргөн. Бирок венгриялык спортчуга 6:1 эсебинде жеңилип калган.
Виктор Лоринц финалга чейин жетип барганына байланыштуу Азисбеков жубатуучу беттешке чыгып, коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.
Бүгүн, 4-августта Азисбеков жубатуучу беттештин биринчи раундунда германиялык балбан менен күч сынашты. Азисбеков беттештин биринчи бөлүгүн 2:0 менен уткан, бирок экинчи бөлүктө германиялык балбан 10 упай топтоп, жеңишти илип кетти. Муну менен Азисбеков Олимпиада оюндарындагы беттештерин жыйынтыктады.











