UFC: Антонина Шевченконун кезектеги беттешинин качан болору айтылды

Антонина Шевченконун UFC алкагындагы кезектеги беттешинин датасы белгилүү болду. Ал 10-июлда UFC Fight Night 209 турнирине катышат. Анын атаандашы америкалык Кортни Кейси болмокчу.

Бул турнирдин негизги беттеши кыргызстандык Рафаэль Физиев менен бразилиялык Рафаэль дос Анжостун беттеши болмокчу.

Антонина Шевченко UFCде 6 беттеш өткөргөн – 2 жеңиш жана 4 жеңилүү ызасын тарткан.