Кыргызстандык Валентина Шевченко менен мексикалык Алекса Грассо TUF шоусунун жаңы сезонунун машыктыруучулары болушат. Бул тууралуу UFC президенти Дана Уайт билдирди.
Анын айтымында, Валентина Шевченко менен Алекса Грассо TUF шоусунун 32-сезонуна машыктыруучу болушат. Бет ачары 4-июнда болот. Жеңүүчүлөр UFC менен келишим түзсө, машыктыруучулары ал жакта беттеш өткөрөт. Спортчу айымдар буга чейин эки жолу беттешкен.