Кечээ, 8-февралда Алматынын Медеу районундагы Олимпийская көчөсүн бойлой жер көчкү жүрдү. Бул тууралуу Казак ЖМКлары жазышты.
Кыйроо топурактын суу болуп калышынан чыккан. Анын көлөмү 3200 куб метрди түзөт. Баткак эки үйдү каптап калган. Аларда төрт адамдан турган үй-бүлө, анын ичинде эки бала болушу мүмкүн экени айтылды.
«Жакын жердеги үйлөрдүн жашоочулары эвакуацияланды. Алар № 47 мектепке жайгаштырылды. Аларга керектүү жардамдар көрсөтүлдү. Жабыркагандар болсо, аларды издөө иштери уланууда», — деп айтылат ӨКМдин билдирүүсүндө.
Уральск Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын Instagram аккаунтунда адаттан тыш видео пайда болду. Өрт өчүрүүчү Жан-Клод Ван Даммдын атактуу ыкмасын кайталоону чечкен. ...
Ахмедабад-Лондон каттамындагы учакта жалгыз аман калган Вишваш Кумар Рамештин үй-бүлөсү 279 адамдын өмүрүн алган кырсыктан кийин кандай жашап жатканын айтып...